Site icon Reporter.kg

Жаныбек Жалалов Баткен облусунун башчысы болду

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жаныбек Жалалов облус башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

17-октябрда жаңы жетекчини өкмөт башчынын кеңешчиси Арзыбек Бурканов облустун активдерине тааныштырды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп иштегенин кабарлады.

Exit mobile version