Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары шарттуу түрдө абактан бошоду

Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары шарттуу түрдө абактан бошоду

Апрель окуялары боюнча соттолгон Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев шартту түрдө  мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты.

Тиешелүү чечимди Аламүдүн райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, Нурлан Темирбаевдин 3 ай 20 күн жаза өтөө мөөнөтү калгандыктан шарттуу түрдө абактан бошотулган.

Белгилей кетсек Нурлан Темирбаев апрель окуялары боюнча күнөөлү деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>