Жапаров: 7-апрелде кыргыз калкы бийликтин ээси экендигин дүйнөгө даңазалады

Жапаров: 7-апрелде кыргыз калкы бийликтин ээси экендигин дүйнөгө даңазалады

Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Кайрылуу президенттин расмий сайтына жайгаштырылды.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Апрель элдик революциясына он бир жылдын жүзү болуп олтурат.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды.

Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Акүйдүн алдына ɵз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык.

Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет.

Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү  демократиялык жолдун тандалып алынышы болду.

Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө.

Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!».

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>