Site icon Reporter.kg

Апрель окуясына Бакиевдер эле эмес, башка адамдар да күнөөлүү — Жапаров

Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси улантылат. Мындай пикирин Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирди.   

“2010-жылы болгон апрель окуясына жалгыз эле Бакиевдер эле эмес башкалар да күнөөлү болуп калат, бул ишти жакшылап адилеттүүлүк менен текшерсек. Ал кылмыш ишине жете элекпиз. Биз ал үчүн баарын кайрадан көтөрүп чыгып иликтешибиз керек.

Биз Бакиевдерди экстрадициялоо маселесин көтөрөбүз сөзсүз түрдө. Бул маселе 10 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Башкы прокурор сурап келе жатат, Алмазбек Атамбаев деле андан кийинки бийлик деле айтып келе жатат. Мурда жүргүзүлүп келе жаткан ишти улантабыз”, — деди Жапаров.

Буга чейин, Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Кыргызстан 4 жолу кайрылып, 4 жолу    Беларус мамлекети баш тартканын айткан.

Exit mobile version