Site icon Reporter.kg

Жапаров Атамбаевдин ич кийимчен сотко келгени боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ич кийимчен мажбурлап сотко алып келгени боюнча Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Камакта жаткан Алмазбек Атамбаев жөнүндө ызы-чууну бүгүн көрдүм. “Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат” деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?”- деди президент.

Exit mobile version