Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына иш сапардан келгенден кийин толук жасалып жаткан иштер боюнча маек берээрин билдирди.
“Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар?” – деп суроо салды.
Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде расмий сапар менен Азербайжанга барат.