Жапаров Башкы прокурор Зулушевди эмгек жамаатка өзү тааныштырды

Жапаров Башкы прокурор Зулушевди эмгек жамаатка өзү тааныштырды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров жаңы Башкы прокурор Курманкул Зулушевди прокуратура органдарынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Садыр Жапаров Курманкул Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгилеп, жаңы Башкы прокурорго ийгиликтерди каалаган.

Өз кезегинде Башкы прокурор ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн президенттин милдетин аткаруучуга ыраазычылыгын билдирди жана ага берилген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирген.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушевдин талапкерлиги Башкы прокурор кызмат ордуна жактырылган.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен Зулушевди Башкы прокурор кызматына дайындаган.
[su_image_carousel source=»media: 45350,45349,45351,45348″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>