Site icon Reporter.kg

Жапаров: Биз Кумтөр менен эл аралык сотто күрөшкөнгө даярбыз

Биз «Кумтөр Голд Компани» компаниясы менен эл аралык арбитраждык сотто күрөшкөнгө даярбыз. Бул тууралуу Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр менен соттошу үчүн бардык далилдер бар.

“Учурда компания бизди сүйлөшүүгө чакырып жатат. Бизде тийиштүү далилдердин баары бар”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкектин Октябрь райондук сотунун 7-майдагы чечимине ылайык, «Кумтөр Голд Компани» мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирилди. Жергиликтүү жашоочулар мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганын жүйө келтиришкен. Мындан улам сот Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп тапкан.

Exit mobile version