Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Борбор Азиядагы суу ресурстары боюнча маселе көтөрдү

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда  сөз сүйлөп, анда Борбор Азиядагы суу ресурстары боюнча маселе көтөрдү.

Президенттин айтымында,  Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери ушу кезге чейин өз баасын ала элек.

“Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм, ошону менен суунун жогору жагындагы өлкөлөр суунун болушуна карабастан, анын ичинде суунун аз болгон мезгилинде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн суу ресурстарын вегетация мезгилинде топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат”, — деди президент.

Ошондой эле, өлкө башчы 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыя суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактай турганын белгилеп, анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралганын айтты.

“Кыргызстан ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика жаатында өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт. Биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестициялык катышуусун кубаттайбыз. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жазында болгон авария аялуулукту көрсөткөн, ошондуктан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл”, — деди Садыр Жапаров.

 

 

Exit mobile version