Site icon Reporter.kg

Жапаров Чыңгыз Айдарбековду өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.

Чыңгыз Айдарбеков 2018-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Ага чейин Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп келген.

Exit mobile version