Кыргызстандын бийлиги демократия жана сөз эркиндиги өнүктүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Facebook баракчасына жазды.
Минкаб башчысы инвесторлор жана бизнесмендерге эң ыңгайлуу шарттарды убадалайт.
«Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн. Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот», — дейт ал.
Акылбек Жапаров криминалга каршы күрөшкө колдоосун билдирди. «Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз», — деп кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз