Энергетика тармагындагы тышкы карыз 28 жыл ичинде 2,2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскилиги жеткен. Бул тууралуу жыл жыйынтыктоочу кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3,3 млрд сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетишсиз камсыз болушу тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.
“Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды 1,7 млрд сомго оптималдаштыруу жүргүзүлдү, бул тармактын тышкы карызын жабууга багытталат”, — деп түшүндүрдү Акылбек Жапаров.