Site icon Reporter.kg

Жапаров IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарындагы «Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» стадионунда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземи башталардын алдында Садыр Жапаров менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган учурашып, андан соң эки өлкөнүн президенти, ошондой эле башка делегация башчылары оюндардын ачылыш аземи өтүп жаткан стадионго өтүштү.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду.  Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмери, анын ичинде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, ачылыш аземинин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version