Site icon Reporter.kg

Жапаров «Камбар-Ата-1» ГЭСи кайсы акчага куруларын айтты

Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга карыз алууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.

Ал гидроэлектрстанция  курулуп бүткөндөн кийин чыгымдарын тез эле актарын белгилейт.

“Ал 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин «Токтогул» ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет”, — дейт Садыр Жапаров.

Ал эми «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушуна карыз алынбайт.

“Ага өтө чоң сумма керектелет. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз”, — дейт Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version