Site icon Reporter.kg

Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун тездетүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун энергетикалык объектилери менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы  Токтогул ГЭСинин № 2 агрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты.

Анда Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСине баруучу жолдун жана тоннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мындан тышкары, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жер үстүндөгү агынды суу өткөргүчүнүн курулушу менен таанышты.

Иш сапардын жыйынтыгында Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун жана инфраструктурасын даярдоо процессин тездетүүнү, ошондой эле республикадагы иштеп жаткан энергетика объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону тапшырды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version