Site icon Reporter.kg

Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүктү пландан тышкары текшерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Бишкекке жакын жайгашкан Кой-Таштагы 73809 аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал билдиргендей, Жапаров аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашып, аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты.

Жыйынтыгында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version