Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров 7 миллионунчу жарандын ата-энесин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кудайбергенов президентке Кыргызстанда төрөлгөн 7 миллионунчу жаран тууралуу маалымат берген. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталгандай, жети миллионунчу жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.

Саламаттыкты сактоо министринин маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келээрине ишенерин билдирди.

Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version