Site icon Reporter.kg

Жапаров: Кызматымды тапшырып, президенттик шайлоого катышам – видео

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катыша турганын айтты. Бул тууралуу ал  25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районуна жасаган жумушчу сапарында элдин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

Ал шайлоого катышуу үчүн бүгүнкү кызматын тапшырып берерин айткан.

«10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы талапкер катары шайлоого катышам. Өтсөм сиз айткандай ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда  жүргөн жөнөкөй жаран бойдон калам», — деген ал.

Буга чейин Садыр Жапаров «Россия 24» телеканалына берген маегинде эгер мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катыша тургандыгын айткан.

Exit mobile version