Жапаров кызматын өткөрүп, президенттик шайлоого аттанды

Жапаров кызматын өткөрүп, президенттик шайлоого аттанды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кызматын өткөрүп берди. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз катчысы билдирди.

Жапаровдун элге кайрылуусу толугу менен:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 15-ноябрда КР Президентин шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктайт. Мындан улам, Кыргызстандын Президенттигине талапкерлигимди коюу үчүн шайлоого аттанып, Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугумду тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Мен бул чечимди кабыл алып жатып, буга чейин Президенттин милдетин аткаруучу жана өлкөнүн премьер-министрлигине менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө ыраазычылыгымды билдирем. Айрыкча, мени колдогон бардык тарапташтарыма, өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалда туруктуулук үчүн мага жардамын аябаган жалпы кыргызстандыктарга башымды ийип, таазим этем. Сиздердин жардамыңыздар менен бийликти легитимдештирүү ишибизди көпкө создуктурбастан аягына чыгара алдык, рахмат. Өлкө укуктук талаага түштү.

Учурдан пайдаланып, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүнө, мамлекетибизде туруктуулук орношуна салым кошкону, ошондой эле менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, анын катарында өлкөбүздүн келечеги, биримдиги үчүн биринчилерден болуп кол сунган саясатчы Өмүрбек Бабановго жана анын тарапташтарына чоң рахмат, ошондой эле саясий амбициясын эмес, өлкө кызыкчылыгын өйдө коюп, менин Нарын облусундагы штабымды жетектеп берүүгө макул болгон Алмамбет Шыкмаматовго рахмат айтам.

Ошону менен катар, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө багытталган бардык демилгелер боюнча кайсы саясий күчтөр болбосун, баарына ачык экенимди дагы бир жолу белгилейм.

Бизге бүгүн сүйүктүү Кыргызстаныбызды көп жылдык туташ кризистен алып чыгууга тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Жашасын, Кыргызстаныбыз!», — деп жазылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Эми жаңы өлкө башчы шайланганга чейин президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов аткарат.

Белгилей кетсек, 15-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, президенттин милдетин аткаруу Садыр Жапаровго өткөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>