Жапаров: Мен өкмөт башчы болууга 56 жылдан бери даярмын

Жапаров: Мен өкмөт башчы болууга 56 жылдан бери даярмын

Учурда социалдык тармактарда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетет деген кептер айтылып жатат.

Ал арада «Фейсбуктагы кадр кызматы» премьерликке Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун атын аташууда.

REPORTER.KG эл өкүлү Жапаровго кайрылып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүнө жүйөлү себептер барбы? деген собол салды. 

Жапаров премьер-министрди учурда кетирүүгө эч кандай себеп жок экенин жана конституциялык мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоого 6 ай калганда өкмөттү отставкага кетирүүгө укук жок экенин билдирди.

«Абылгазиевдин өкмөт башчылыктан кетейин деген өзүнүн оюу жок. Учурда кырдаалга жараша ишин алып барып жатат. Социалдык тармактарда ар ким пикирин жазат. Бул кызмат боюнча азырынча так маалымат жок», — деди Жапаров.

Өкмөт башчы кызматына Жапаровдун дагы аты аталган. Бул боюнча да пикирин билдик.

«Мен учурда 56 жаштамын. Ошондо өкмөт башчы болоюн деп 56 жылдан бери даярданып жүрөм. Бардык кырдаалга даяр болуш керек. Кайсы күнү кызматка мени ылайык көрүшсө, мен ошол күндөн тарта ишти алып кете алам», — деп белгиледи эл өкүлү.

Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы боюнча өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев буларга токтолду.

«Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Абылгазиев учурдагы кырдаалга жараша коронавирус менен күрөшүүгө болгон күч аракетин жумшап, эс алуусуз иштеп жатат», — деп маалымат берди Султаналиев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>