Жапаров менен Путин Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты

Жапаров менен Путин Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров жана Орусия президенти Владимир Путин бүгүн,  17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты.

Садыр Жапаров алтын иштетүүчү фабриканы ачуу үчүн Талас облусуна барса, Орусиянын президенти иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Маалыматка ылайык, бул ишкана ишке киргизилсе бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйөт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт.

Учурда ишкана 900 миллион сом салык төлөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>