Site icon Reporter.kg

Жапаров менен Си Цзиньпин жолукту: Кандай документтер кабыл алынды?

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

2. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version