Site icon Reporter.kg

Жапаров:  менин тагдырым, иштөө принцибим Раззаковдукуна окшош  

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Садыр Жапаров аталган жолугушууда өлкө аймактарына жасаган негизги иш сапары Баткен облусунан баштаган себебин чек ара маселеси менен жакындан таанышып,  Исхак Раззаковго таазим этүү үчүн келгени менен түшүндүрдү.

«Негизги иш сапарымды Баткен жергесинен баштаганымдын эки чоң себеби бар. Биринчиси – Баткен элинин чек арадагы эрдиги, экинчиси – кыргыз элинин сыймыктуу уулу Исхак Раззаковго таазим этүү үчүн келдим. Анткени менин азыркы тагдырым, максатым, иштөө принцибим да Исхак Раззаковдун идеялары менен үндөш. Ал согуштан кийинки ураган башкаруу системасын оңдоону, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирип, аны көтөрүүнү колго алган. Менин да тагдырыма өлкөнүн бүгүнкү акыбалы туш келди, тагыраак айтсам, пандемиядан кийинки каржалган бюджет, мамлекеттик башкаруу системасындагы ашыкча бюрократия менен коррупция, башка өлкөлөрдүн бизге туура келбеген «бардак» идеялары, парламенттик, партиялык системадагы баш аламандык орун алып турган мезгилге туш келдим. Жалпы элдин жардамы менен жогоруда айтылган көрүнүштөргө каршы күрөшөйүн деп жатам. Мага силердин колдооңор керек», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле чек ара боюнча дагы токтолуп, бул маселени чечүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жүктөлөрүн билдирген. Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүү өткөрүү боюнча маселе учурда каралып жатат.

«Чек ара маселелери сөзсүз чечилиши керек. Аталган маселе боюнча бардык маалыматтарды алдым. Аны чечүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм. Учурдан пайдаланып, губернаторго тапшырма: чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада белгиленген социалдык объекттер сөзсүз бүткөрүлсүн», — деди Жапаров. 

Ошондой эле чек арага чектеш жайгашкан Баткен облусун өнүктүрүү боюнча максаттары тууралуу айтып берген.

«Баткендин күрүчү, өрүгү – дүйнөлүк брендге айланышы керек. Ал үчүн айыл чарбасында кластердик системаны киргизип, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жардам беребиз. Баткен облусу сөзсүз гүлдөгөн аймакка айланышы керек. Айгүл гүлү менен өрүкзарды көрүү үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан адамдар келиши керек. Бул үчүн инфраструктураны жакшыртып, туристтерди тейлөөнүн сапатын жогорулатабыз», — деди Жапаров.

[su_image_carousel source=»media: 46727,46728,46729,46730,46731,46732″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version