Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган үйлөрдүн баалары боюнча комментарий берди.
Жапаровдун айтымында, МИК курулуш иштерин өзү жүргүзбөйт. Башка курулуш компанияларын жалдайт.
«Бүгүн МИК «Кыргызкурулуш» мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту «под ключ» бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатат.
Мисалы Чүй облусу жана Бишкек шаарында үйлөр бир чарчы метри 650 доллардан курдурулуп жатат. Ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында болсо 700 доллардан курдуруп жатышат. Себеби бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак», — деди ал.
Президент МИК сунуштаган баага турак жай курууга бардык эле компания макул боло бербей турганын айтты.
«Бул суммага жеке ири курулуш компаниялар макул болбой коюшуп, «Кыргызкурулуш» мамлекеттик компаниясы менен куруп жатабыз. Дагы 2-3 жеке компанияга суранып жатып курулуш иштерин тапшырдык. Анткени ири курулуш компаниялары «под ключ» 1000 доллардан кем эмес курабыз деп баш тартышты», — дейт ал.
Жапаров чарчы метри 650 долларга салынган үйлөр жарандарга 750 долларга берилгенин билдирди. Ошондой эле МИКтин айрым үйлөрүнүн баасы эмне себептен кымбат болуп жатканын түшүндүрдү.
«Ал эми эмне себептен элге бул суммадан (650 доллардан — ред.) кымбатыраак берилип жатканын түшүндүрүп берейин. Мисалы «Мурас» кичи районунда элге 750 доллардан берилди. 100 доллар МИКтин пайдасында калды. Калыш керек. Себеби МИК батир алган элди 25 жыл бою тейлейт, жумушчуларга эмгек акы берет, инфляция болот дегендей. МИКтин мындай үстүнө кошуусу үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Мисалы Бишкекте «золотой квадратта, престиждүү» райондордо болсо, албетте, 750 эмес андан кымбат болот.
Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн. Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа.
Мисалы бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот.
Мисалы Бишкектин «престиждүү» райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес) 2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан «под ключ» берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты — карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат», — дейт ал.
Жапаров жакынкы мезгилде МИК куруп жаткан үйлөр элге массалык түрдө тапшырылып, кезек 5-10дон эмес, миңдеп жыла турганын билдирди.