Site icon Reporter.kg

Жапаров менен Мирзиёев чек арадагы кырдаалды талкуулады

Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы тууралуу айтып берди.

Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялардын учурунда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Exit mobile version