Жапаров: Мыйзамдуу кен казган компанияларга тоскоолдук жаратпоо керек

Жапаров: Мыйзамдуу кен казган компанияларга тоскоолдук жаратпоо керек

Мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек. Бул тууралуу президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушууда айткан.

Жолугушууда Садыр Жапаров кен тармагы мамлекеттин экономикасында олуттуу орду бар экенин баса белгилеген.

«Бир эле мисал «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары 20 млн доллар «Кыргыз алтын» дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек», — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, Ала-Бука районунун Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасы менен жергиликтүү эл буга чейин бир нече жолу жаңжалдашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>