Жапаров оппоненттерине ыраазы жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр экенин айтты

Жапаров оппоненттерине ыраазы жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр экенин айтты

Садыр Жапаров оппоненттерине ыраазы жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр. Бул тууралуу ал кечээ, 10-январда президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

«Мен бийликке оор саясий кырдаалда келем. Мага сиздердин колдооңуз керек. 30 жылдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн мага 2-3 жыл аздык кылат. Бийликтин эшиги ар дайым эл үчүн ачык болот. Саясий куугунтук кылбайбыз. Коррупционерлерден өзүбүздү тазалашыбыз керек. Ар бир мамлекеттин байлыгы — анын эли. Биздин милдет — мигранттарды мекенине кайтаруу. Менин оппоненттериме карата жүрөгүмдө ачуу же жек көрүү сезими жок. Келгиле, чогуу гүлдөгөн Кыргызстанды түзөлү», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал болжол менен 75 пайыздан ашык добуш алам деп ойлобогонун, 60% менен жеңем деп болжолдогонун белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>