Жапаров президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  өткөрүп берди

Жапаров президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  өткөрүп берди

Президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров өлкө президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кызматтык милдеттерин өткөрүп берип жатып, ал кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

“…Мен өлкө президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим. Мындан ары президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Учурдан пайдаланып, менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, коомдук ишмерлерге, жарандык коомго, медиа тармагына, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө рахмат айтам”, – деп жазылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 14-нобрда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, тиешелүү документтерди тапшырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>