Жапаров шайлоо босогосун төмөндөтүү, форма-2ни жокко чыгаруу жөнүндө мыйзамга кол койду

Жапаров шайлоо босогосун төмөндөтүү, форма-2ни жокко чыгаруу жөнүндө мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири «Бир Бол» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов.

Кабыл алынган мыйзам жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

— Кыргыз Республикасынын аймактарынын ичинде толугу менен 2-форма менен арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;

— шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);

— шайлоо күрөөсү 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүлгөн;

— шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>