Site icon Reporter.kg

Жапаров Алтынбек Сулаймановдун отставкасын кабыл алды

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырып, буга байланыштуу билдирүү жасаган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version