Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясы эмнеге шайлоого барбастыгын айтты — видео

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-февралда, Москва шаарында мекендештер жана Орусияда жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Анда Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча сөз сүйлөдү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында  өттү. Анын жүрүшүндө президенттен эмнеге “Мекенчил” партиясы шайлоого катышпастыгы тууралуу суроо да узатылды.

Ага өлкө башчысы акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн бул кадам жасалганын айтып жооп берди.

Exit mobile version