Биринен бири ашкан экономисттер, финансисттер башкарып жатасыздар. Бул туурасында президент Садыр Жапаров жыл жыйынтыгын жыйынтыктап жатып билдирди.
“Иштөө үчүн бардык шарттарды түзүп, регламентти өзгөрттүк. “Кечиресиз, бул менин милдетиме кирбейт”- деген сөздү жок кылдык. Бир дагы кагаз Президенттин адмнистрациясында жатат деген шылтоо жок калды. Сиздерди демократия, меритократия, реформа дегенде тикеңизден-тике туруп иштөөгө чакырам. Өзүңүздөрдөн акылдуураак орун басарыңыздарды менин ордумду тартып алат деп чочулабай, дайындаңыздар, коркпостон. Чечим кабыл алуудан коркпоңуздар” – деди Садыр Жапаров