Site icon Reporter.kg

Жапаров: Жаман иштесем, эртең эле кызматтан алынам

Азыр өкмөттө «крышам бар» деп мен да айта албайм. Жаман иштесем, эртең эле кызматтан алынам. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында депутат Алишер Козуев Бажы кызматы жыйымдарды 24 млрд сомго аз чогултуп жатканын айтып, жакында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган Улан Кимсанов тууралуу сөз кылды.

«Улан Кимсанов тууралуу коомчулукта жакшы сөз жок. Канчалаган бизнесмендер арасында сөз болуп жатат. Кайсы критерий менен кайра алып келдиңиздер? Ал киши иштеп жатканда план түшүп жатыптыр. Үч айда туруктуу болуп жатканда, эмнеге кайра алып келдиңиздер? Ал кишинин «крышасы» башкачабы?», — деди ал.

Суроого жооп берип жатып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бажы кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилиги караларын белгиледи.

«Салык инспекциясында иштегем, бажы тармагын да билем. Ал жакта иштеп жаткандардын 80-90%ы ак дили менен маянага иштеп жатат. Жетекчи боюнча айтып жаткан талабыңызды колдойм. 20-декабрга чейин алардын жоопкерчилигин карайбыз. Жанымда кесиптештерим турат, «тиги орун басарларыңды ал» деп эч кимге айтпайм. 20-декабрларда бажы боюнча чечимдерге күбө болосуз», – деди ал.

Сөзүн улай ал бажы жыйымдары боюнча пландын аткарылбай калышынын объективдүү себептери бар экенин билдирди.

«12-14 млрд сомго объективдүү факторлор бар. Бирок 10-12 млрд сомду жакшы иштесе, чогулта алмак. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги каралат. Эч кимди эч ким коргобойт. Жанымда отурган бир да кесиптешим «крышам» бар деп айта албайт. Анын ичинде мен да айта албайм. Мен планды аткарып, жакшы иштесем иштейм. Жакшы иштей албасам, түнү болсо түнү, эртең менен болсо, эртең менен мени кетирип коюшат», — деди ал.

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Exit mobile version