Site icon Reporter.kg

Жапаров журналисттерден терс маалыматтарды чагылдырбоону суранды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттер менен блогерлер менен жолугушууда алардан жаман нерселерди жазбоону өтүндү.

Акылбек Жапаров Грузиянын мисалында туризмди өнүктүрүү үчүн негативдүү маалыматтардын терс таарсири туурасында айтып берди.

“Грузияга Михаил Саакашвили бийликке келгенде жалпы журналисттерден, блогерлерден суранып, жаман нерселерди ачыкка чыгарбоону суранган. Анткени, чет өлкөлүктөр терс маалыматтарды көргөндө ал Грузияга туристтер келбей калат. Ошол себептен сындарды айткыла бирок, грузин тилинде майда шрифт менен жазалы деген өтүнүчүн толугу менен колдоп, андан жакшы майнап чыккан. Мен деле сиздерден ошол нерсени суранайын деп турам. Чет элдиктер орус жана англис тилиндеги сайттарды карап ошого жараша Кыргызстанга келүү же келбөө чечимин кабыл алат. Албетте, бул терс маалыматтар өтө таасир этет”-деди.

Exit mobile version