Site icon Reporter.kg

Жапарова: Кыргызстанда орус тилине, маданиятына өзгөчө маани берилет

Кыргызстанда орус тилин жана маданиятын урматтоого өзгөчө маани берилет. Мындай пикирин президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова бүгүн, 6-мартта “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык Аялдар форумунун ачылышына билдиргенин өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапарова Кыргызстан менен Россиядагы аялдардын диалогунун негизги факторлорунун бири – орус тилине кеңири токтолду.

Республика боюнча орус тилинде окуткан мектептердин саны 2333, анын ичинен 247 — орус тилинде окуткан мектептер, деп кошумчалады. Жакынкы арада Россия тарап менен биргеликте Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну баштоо пландалууда.

Мунун баары биздин балдарыбызды орус тили, адабияты жана маданияты менен тааныштырууга, жаркын келечек үчүн ар кандай деңгээлдеги диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенибизди айгинелейт.  Аял – биринчи кезекте мээримдүү эне, үйдүн коломто отун сактоочу, үй-бүлөнүн куту жана бейпилдиги. Ушуга байланыштуу биз эне менен баланын жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруудабыз”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version