Site icon Reporter.kg

Жаңы өкмөттү бекитүү токтому президенттик аппаратка келип түштү

Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү тууралуу токтом президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына келди. Бул тууралуу “Репортерго” президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда үч күндүн ичинде Сооронбай Жээнбеков токтомго кол коюп бекитүүсү же артка кайтаруусу керек. 

Белгилей кетүүчү нерсе Баш мыйзамга ылайык, эгерде Сооронбай Жээнбеков 3 күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса деле алар дайындалды деп эсептеле берет.

[su_note note_color=»#7c2fcd» text_color=»#ffffff» radius=»0″]84-берене, 5-бөлүм:  “Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет”.[/su_note]

Белгилей кетсек, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, Садыр Жапаров башында турган  жаңы өкмөттү шайлашкан.  Жыйындын башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин айткан.

 

 

 

 

Exit mobile version