Садыр Жапаровдун инаугурациясына15 млн сом бөлүнгөн

Садыр Жапаровдун инаугурациясына15 млн сом бөлүнгөн

Жаңы президенттин ант берүү аземи өткөрүүгө  бюджеттен 15 млн сомго чукул акча бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Ал бирок бөлүнгөн акчадан аз каражат сарпталат дейт.

«Биринчи долбоордо бюджеттен 15 миллион сомго жакын акча каралган. Бирок, факт түрүндө андан аз каражат сарпталат. Болжол менен 10 миллион сомдун тегерегинде», — дейт Касмамбетов.

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда, саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>