Жапон Императорунун такка отуруу аземине Назарбаев өзгөчө костюм кийип барды

Жапон Императорунун такка отуруу аземине Назарбаев өзгөчө костюм кийип барды

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Жапон императору Нарухитонун такка отуруу аземине өзгөчө костюм кийип барды. Элбасынын сүрөтүн анын басма сөз катчысы Айдос Үкибай Твиттердеги баракчасына жарыялады.

«Казакстандын тунгуч  президенти Жапон Императору Нарухитонун кызматка расмий киришүүгө арналган салтанатка  катышууда”, — деп жазган ал.

Тунгуч президент бул салтанатка фрак деп аталган өзгөчө костюм кийип, ак көпөлөк жагоо тагынган.

Ошондой эле басма сөз катчы Назарбаевдин Жапонияда кандай унаа менен жүргөнүн да көрсөтө кеткен.

РИА Новости басылмасынын маалыматына караганда, кызматка киришүү аземге жалпы 2000ге жакын конок чакырылган. Алардын ичинен 400 адам 180 өлкөнүн башчылары менен өкүлдөү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул салтанатка катышуу үчүн 20-октябрда, Жапонияга учуп кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>