Site icon Reporter.kg

Жапония Кыргызстанга 4 көчмө лаборатория берет

Жапон өкмөтү Кыргызстанга жардам катары баасы 500 млн йен (3 млн 442 миң доллар) болгон 4 көчмө медициналык контейнер берет. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында айтылды.

Комитеттин депутаттарына баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, көчмө медициналык контейнерлерде МРТ, КТ, рентген-аппарат жана УЗИ сыктуу диагностикалык жабдыктар болот. Алар Кыргызстанга акысыз берилет.

Бул көчмө лабораториялар алыскы жана жетүүгө кыйын аймактагы элге медициналык кызмат көрсөтүү үчүн колдонулат.

Exit mobile version