Жапон бийлиги туристтерге күн сайын 185 доллардан насыя берет

Жапон бийлиги туристтерге күн сайын 185 доллардан насыя берет

Жапония өкмөтү өлкөгө туристтерди тартуу үчүн күнүнө эс алуучуларга 185 доллардан насыя берүү үчүн «ваучер» программасын иштеп чыккан. Бул тууралуу «Интерфакс» жазды.

“Жапония өкмөтү экономикага чоң салымын кошкон, пандемия учурунда жабыркаган туризм тармагын кайра жандандырууну планлоодо. Анын алкагында Go to Travel демилгеси көтөрүлүп, Жапонияга келген туристтерге күнүнө 20 000 иенге (185$) чейин берүүнү чечкен”, — деп жазылат маалыматта.

Бул демилгеге 1,35 трлн иен (12,5 млрд $) бөлүнгөн. Ал июнь айынын аягы менен ишке киришет. Ал эми эс алуучулар насыяны алуу үчүн мейманкаларга түздөн түз же япон туристтик агенстволору аркылуу катталуусу керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>