Жапонияда коронавирустан айыккан кыргызстандык Токио шаарында эркин жүрөт

Жапонияда коронавирустан айыккан кыргызстандык Токио шаарында эркин жүрөт

Жапониядагы Diamond Princess круиздик кемесинде коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандык жигит 1-мартта жапон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган. 

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербөө боюнча республикалык штаб кабарлагандай, акыркы жолу текшерүү кыргызстандыктын ооруга кабылбагандыгын көрсөткөн.

Кыргызстандыктын ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Ал учурда Токио шаарында эркин жүрөт. 

Коронавирус боюнча тузүлгөн республикалык штаб мекендешибизге өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирет.

Diamond Princess саякат кемесинин экипаж мүчөсү кыргызстандык жигит  вирусту жуктуруп алганын World of Cruising журналы жазып чыккан.

Кийин ал оору жуктурбаганы, жөн гана шектүү экени белгилүү болгон. 28-феварлда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын айткан.  Көп өтпөй ал оорудан айыккандыгы белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>