Жапониянын жашоочусу үй жыйнайм деп 5 жыл мурун жоголгон агасын таап алды

Жапониянын жашоочусу үй жыйнайм деп 5 жыл мурун жоголгон агасын таап алды

Жапониянын жашоочусу үй жыйнайм деп 5 жыл мурун жоголгон агасын таап алды.  Бул тууралуу SoraNews24 порталы жазып чыкты.

Жапониянын Касугаи шаарынын тургуну 66 жаштагы Сумио Суенага 2015-жылы дайынсыз жоголгон.  Ал иниси жана карындашы менен чогу бир үйдө жашап келген.  Жакындары аны кайтып келет го деп укук коргоо органдарына бир жылга чейин кайрылышкан эмес. Бирок кийин издөө иштери башталып, бирок натыйжа болгон эмес.

Сумио Суенаганын жоголгонгуна 5 жыл болгондо 69 жаштагы карындашы ал бөлмөгө көчүп кирүү үчүн тазалоону чечкен. Бирок бөлмөнү жыйнап жатып, шкафтан агасынын сөөгүн таап алган.

Укук коргоо кызматкерлери келип, сөөктү экспертизага жөнөткөн, анын жыйынтыгы менен ал Сумио Суенага таандык экени белгилүү болгон. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>