Site icon Reporter.kg

Жапыкеев: Садыр ава Башкы прокурор кылып буйрук чыгартып берем деди — видео

Өзүн Башкы прокурор атаган Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасы аркылуу узатылган суроолорго жооп берип, соңку кырдаалга байланыштуу пикирин айткан.

Анда ал Башкы прокуратураны талкалагысы келген күчтөрдөн коргоп жаткандыгын жана ал жактагы кызматкерлер аны толук колдоого алышкандыгын билдирген.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болгонун колдой тургандыгын, Жапаров премьер-министр болсо биринчи аны “Башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп буйрук чыгарам” деп убада кылгандыгын билдирген.   

 “Садыр ава мага кечээ, Сыймык сен Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп атасың, өкмөткө барганда биринчи кезекте сага “Башкы прокурордун милдетин аткаруучу” деп буйрук чыгартабыз деди.  61 депутат кол койду мыйзамдаштыралы антпесе эмне болуп кетет согуш болуп кетеби дейт. Биз садыр ава дедик эл сизге ишенет, эң көп колдоочу сиздики, эл ишенип атса, өкмөттү сизге өткөрөлү дедик.  Азыр бир абалды турукташтыруубуз керек анан иштин баарын жүргүзүшүбүз керек”, — деген түз эфирде Жапыкеев.

Exit mobile version