Жапыкеев Ысык-Көл облусунун губенатору болобу? Өзү жооп берди

Жапыкеев Ысык-Көл облусунун губенатору болобу? Өзү жооп берди

Ысык-Көл облусунун башкы прокурору болуп барган Сыймык Жапыкеевди жамаат кабыл албай койгону, Жапыкеев майлуу кызматка, тактап айтканда облустун губернатору болуп бара турганы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаты айтып чыккан. Буга Жапыкеев баары башкача экенин билдирди.

Ал Ысык-Көл облусундагы прокуратура жамааты жакшы тосуп алганын айтты.

«Биринчиден мени бүт облус жетекчилиги, прокуратура жааматы жакшы тосуп алышты, буюрса облустун маселелери  менен таанышып атабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же  ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы, мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту.

Буюрса көлдү тегеренип, эл менен түздөн- түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз», — дейт Жапыкеев.

Ушул жылдын 30-мартында Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун башкы прокурор кызматына барган.

Жапыкеев бул кызматына чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болгон.

3-февралда ишке киришкен жаңы өкмөт аткаруу бийлигиндеги курамдагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

Кыскартылган өкмөттүн түзүмүндө Сыймык Жапыкеев жетектеген Финпол дагы  бар болчу. 5-мартта өкмөттүн Финполду жоюу тууралуу чечими кабыл алынып, аталган кызмат жоюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>