Site icon Reporter.kg

Жапыкеевдин жыйынында чыр чыгарган Бакай Кашкарбаев кечирим сурады — видео

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматты 5-ноябрда жарандар менен жолугушуу уюштурган. Анда Садыр Жапарвдун активдүү тарапташы болуп жүргөн Бакай Кашкарбаев баштаган топ адам аталган кызматтын жетекчиси Жапыкеевге “иштебей жатасың” деп нааразылык билдирип, телефондору менен видеого тартып жаңжал чыгарышкан.

Анын жыйынтыгында аталган адамдарды Жапыкеев эшикке алып чыгууга буйрук берип алар жыйындан чыгарылган. 

Бул ызы-чуу боюнча финансы полициясынын басма сөз кызматы маалымат таратып, алардын аракетин чагымчылдык катары баалашкан. 

«Жолугушуу чагымчылдарсыз болгон жок, өздөрүн тынч алып жүрбөгөн бир топ адамдар келип, башкалардын тынчтыкты сактоону сурангандарын угушпай, улуу муундун алдында уят сөздөрдү айтышты, түзмө-түз айтканда жаңжалдашууга аракет кылышты. Бул адамдар келгендерди түртүп, чагымчыл ураандарды кыйкырып, башкаларды коркутушту”, — деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Бүгүн, 10-ноябрда ошол жыйында жаңжал чыгаргандарды баштап жүргөн Бакай Кашкарбаев Сыймык Жапыкеевдин тарапташтары менен жолукканы тартылган видео тарады. Ал видеодо бир нече убакка созулган талаш-тартыштан кийин Кашкарбаев Сыймык Жапыкеевден видео кайрылуу аркылуу кечирим сурап, аны кабыл алууну өтүнгөнүн көрүүгө болот.    

 

 

Exit mobile version