Site icon Reporter.kg

Жапырт камалгандардын жакындары митингге чыгышты — видео

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунун алдында «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчыларды бошотууну талап кылган митинг өттү.

Митингге жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун жана жапырт кармалгандардын жакындары чыгышкан.

Активисттин жубайы Толгонай билдиргендей, алар камоолорду мыйзамсыз деп эсептешет жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышат.

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралууда.

Сот БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, активисттер Али Шабдан, Перизат Суранова жана Атай Бейшембекти камакта калтырды.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан кармалгандар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад: Сот камалгандардын баш коргоо чарасын кароодо

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version