Site icon Reporter.kg

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Кыргызстанда 23-октябрда бир катар активисттердин жана саясатчылардын үйлөрүндө тинтүү жүрүп, андан кийин алар камакка алынышты. Камакка алынгандардын басымдуу бөлүгү Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү болушат.

Алар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелишүүдө.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, кылмыш ишинин алкагында 26 киши тергөө абагына камалып, бирөө үй камагына алынган. Андан тышкары бир киши издөөгө жарыяланган.

Камакка алынгандар жана эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган соттор:

  1. Али Шабдан, сот Турат Бекенов
  2. Гүлнара Журабаева, сот Тилек Турдугулов
  3. Асия Сасыкбаева, сот Нурдин Ибраимов
  4. Эрлан Бекчороев, сот Нурдин Ибраимов
  5. Жеңиш Молдокматов, сот Нурдин Ибраимов
  6. Равшан Жээнбеков, сот Турат Бекенов
  7. Рита Карасартова, сот Тилек Турдугулов
  8. Клара Сооронкулова, сот Тилек Турдугулов
  9. Перизат Суранова, сот Тилек Турдугулов
  10. Улугбек Маматаев, сот Турат Бекенов
  11. Таалай Мадеминов, сот Турат Бекенов
  12. Чыңгыз Капаров, сот Тилек Турдугулов
  13. Айбек Бусурманкулов, сот Тилек Турдугулов
  14. Нурлан Асанбеков, сот Тилек Турдугулов
  15. Атай Бейшенбек, сот Тилек Турдугулов
  16. Айданбек Акматов, сот Тилек Турдугулов
  17. Марат Баязов, сот Тилек Турдугулов
  18. Акыл Айтбаев, сот Тилек Турдугулов
  19. Кеңешбек Дүйшөбаев, сот Нурдин Ибраимов
  20. Бектур Асанов, сот Нурдин Ибраимов
  21. Кубанычбек Кадыров, сот Нурдин Ибраимов
  22. Канат Исаев – УКМКнын тергөө абагында
  23. Азимбек Бекназаров, сот Нурдин Ибраимов
  24. Мамбетжунус Абылов, сот Тилек Турдугулов
  25. Орозайым Нарматова, сот Турат Бекенов
  26. Илгиз Шаменов, сот Турат Бекенов

Ошондой эле, ден соолугуна байланыштуу Талант Эшалиев үй камагына алынган. Ал эми Тилекмат Куреновго (Кудайберген уулу) издөө жарыяланган.

Аталган комитеттин маалыматы боюнча, кылмыш ишинин материалдарында Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаровдун ысымдары да көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version