Site icon Reporter.kg

Жапырт уулануу: Милиция кылмыш ишин козгоду

империя пиццы

“Империя пиццы” кафелер тармагынан жапырт уулануу боюнча  кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.

Аталган кафенин тамагына ууланып Бишкектеги ооруканаларга кайрылгандардын саны 29-октябрда 318ге жетти.  Алардын ичинен кырктайы өспүрүмдөр.

22-23-24-октябрь күндөрү «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер ууланганы белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафени убактылуу жабылганын кабарлаган.

Exit mobile version