Site icon Reporter.kg

Жапырт уулануу: Жабырлангандардын саны 118ге жетти

«Империя пиццы» кафелер тармагынан уулангандардын саны улам барган сайын өсүүдө. Учурда 118ге жетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги 14:30 убакыт аралыгындагы такталган маалыматын таратты.

Маалыматка караганда, “Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын бейтапканасына 98, шаардык клиникалык ооруканага 13 өспүрүм, Чүй облустук бириктирилген ооруканасына 2, Жайыл райондук жалпы дарыгерлик борборуна 5 киши кайрылган.

Ушул тапта “Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын бейтапканасына 10, шаардык балдар ооруканасына 13 бала дарыланууда. Абалдары туруктуу.  Калгандары медициналык жардамдарды алгандан соң үйлөрүнө дарыланууга кетишкен.

«Империя пиццы» кафелер тармагы жапырт уулануудан улам убактылуу ишин токтотту.

Exit mobile version