Site icon Reporter.kg

Жаран жасалма айдоочулук күбөлүгүн жаңылоого аракеттенген

«Унаа» мекемесине жаңылоо үчүн берилген айдоочулук күбөлүк жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу  Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктиги билдирди.

15-майда М.М.Д киши айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Текшерүү учурунда анын жасалма экендиги аныкталды. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version